Бишкектин Орозбеков көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыкты
Алдын ала маалымат боюнча 6-августта саат 22:48де Бишкектин Орозбеков көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 22:48де жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган.
Өрт катталган аймакка ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ чыгып кеткен. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда. Кошумча маалымат берилет.