Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте май куюучу жайында чыккан чыр. Милиция жаранга айып пул салынганын билдирди

Бишкекте май куюучу жайында чыккан чыр. Милиция жаранга айып пул салынганын билдирди
2-августта саат 19:30 чамасында «102» кызматына борбор калаадагы май куюучу жайлардын биринде эркек менен аял кишинин ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган окуянын видеосу кийинчерээк социалдык тармактарга жарыяланган. Бул факты боюнча маалымат Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Ш.Д. аттуу жаран аныкталып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Аталган жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн. Чогултулган материалдар соттун кароосуна жөнөтүлүп, соттун чечими менен Ш.Д. аттуу жаранга 5 500 (беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти жана коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат. Укукка каршы аракеттер үчүн мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.