Abank
SerepTV Logo

Бишкекте самокат тээп бара жаткан баланы унаа сүзүп кеткен видео тарады

Бишкекте самокат тээп бара жаткан баланы унаа сүзүп кеткен видео тарады
10-март күнү Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндө айдоочу самокат тээп бара жаткан баланы сүзүп кеткен.  Окуя саат 14:30дар чамасында Медеров көчөсү менен кесилишкен жерде болгон. «Самокатчан бала жол чырак жашыл күйгөндө өтүп бара жаткан. Унаа сүзгөндөн кийин башы бордюрга тийди. Азыр бала ооруканада жатат», - деп жазат жергиликтүү ЖМК.  Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.