Abank_june
SerepTV Logo

Бажы кызматындагы өрт: Имараттан 10 жаран куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды

Бажы кызматындагы өрт: Имараттан 10 жаран куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды
2-августта Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын имаратындагы учурда капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан ашкананын жана машыгуу залынын чатыр алдындагы бөлүгүндө өрт чыккан.
 
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана тиешелүү ыкчам кызматтар дароо келишкен. Өрт саат 17:54тө чектөөгө алынып, 19:18де толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү. Өрт чыккан имараттан 10 жаран куткаруучулар тарабынан эвакуацияланып, дагы 15 жаран өз алдынча эвакуацияланды.

Өрттүн кесепетинен ашкананын жана машыгуу залынын чатыры жабыркаган. Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын негизги имараты өрттөн жабыркаган эмес. Кызматтык бөлмөлөргө жана документтер сакталган архивге өрт жеткен жок. Өрттүн келип чыгуу себептери учурда тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан аныкталууда.