Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди
Алдын ала маалымат боюнча, 2-май күнү саат 19:00 чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 280-чакырымында жол каттамы убактылуу жабылган. Учурда жол каттамы ачылды.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жана Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылды. Мындан тышкары, Баткен районунун Үч-Дөбө айылында сел жүргөн сайдын жээгинде жайгашкан кооптуу аймактан 35 үй-бүлө (149 жаран) коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Түзүлгөн кырдаалды тактоо жана кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Баткен районунун аймагында «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Окуя болгон жерде иштерди координациялоону Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жүргүзүүдө.
Саат 09:30га карата Баткен району, Ак-Татыр айыл аймагы. Селдин кесепеттерин жоюу иштерин жалпы 158 кызматкер жана 28 техника иш алып барууда. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов координация жүргүзүп, кырдаалды текшерди.