Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан 53,9 чакырым тор чыгарылды
Президенттин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, 2026-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада 2026-жылдын башынан бери көлдүн түбүнөн 539 даана синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылып, алардын жалпы узундугу 53 900 метрди (53,9 км) түзгөн. Ошондой эле 1 440 кг (1,44 тонна) ар кандай таштанды чыгарылган. Тазалоо иштери Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, суу биоресурстарын коргоого жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алууга багытталган. Министрлик жарандарды көлдүн тазалыгын сактоого, таштанды таштабоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.