Abank_oct
SerepTV Logo

2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды

2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды
 
Кош бойлуулуктун татаалдашууларынын алдын алуу, үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, тобокелдик факторлорун өз убагында аныктоо жана аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

2026-жылдын тогуз айындагы ыкчам маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталган. Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 тирүү төрөлгөн балага карата 22,1 учурду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга төмөн. Оң динамикага карабастан, энелердин өлүмүнүн ар бир учуру себептерин жана жагдайларын тыкыр талдоону талап кылат. Мындай талдоонун максаты — келечекте ушул сыяктуу учурлардын алдын алуу боюнча зарыл чараларды аныктоо.
SEREP MEDIA