Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады
Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы тууралуу интернет булактарында видеоматериалдар жарыяланган. Аталган фактылар боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы 22-апрелде жеке жана юридикалык жактардан расмий арыздарды кабыл алынган.
Экономика министрлигинин макулдугунун негизинде 23-апрелден тартып жогоруда аталган курулуш компанияларына карата пландан тышкары текшерүү иш-чаралары башталды, анын жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде жогоруда аталган компанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Текшерүүнүн алкагында:
- Кум жана топурак төгүүнүн кесепетинен Ысык-Көлдүн жээк тилкесинин абалынын өзгөрүшүнө алып келген жер тилкелеринин аянтын жана көлөмүн аныктоо максатында маркшейдерлик өлчөөлөр жүргүзүлүүдө;
- Сууну коргоо зонасында жана суу объектисинин аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча тиешелүү иш кагаздары талап кылынды.
Учурда курулуш компаниялары талап кылынган документтерди көрсөтүлө элек.