Чүй облустук төрөт үйү капиталдык оңдоодон өткөн имаратка көчүүгө камданууда
Чүй облустук төрөт үйүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Учурда негизги оңдоо иштери дээрлик толугу менен бүткөрүлдү.
Бүгүнкү күндө палаталарга линолеум төшөө иштери гана калды. Аны менен бирге төрөт үйүнүн айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Төрөткананын короосуна асфальт төшөө иштери аяктады. Инженердик иштерден газ магистралын от казанына туташтыруу гана калды. Бул иштер аяктагандан кийин от казан толук кандуу иштөөгө даяр болот. Бардык иштер толук аяктагандан кийин төрөт үйү жаңыланган шарттарда бейтаптарды кабыл алууга даяр болот. Бул энелер жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмазбек Аскаровдун маалыматына ылайык, толук көчүп кирүү 2026-жылдын 1-декабрына чейин пландалууда.