Abank_nov
SerepTV Logo

“Ала-Арча” жаратылыш паркында дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери уланууда

“Ала-Арча” жаратылыш паркында дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери уланууда
 
8-ноябрда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан “Электро” чокусуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 2011-жылы туулган Амир Кумакунов өспүрүм тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Аламүдүн РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, учурда тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өспүрүм 7-ноябрда эртең менен саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ал бир тууган агасына “Ала-Арча” жаратылыш паркына чуркаганы бара жатканын айткан. Кийинчерээк анын уюлдук телефонуна туташкан “2GIS” тиркемесиндеги геолокация боюнча акыркы жайгашкан жери “Электро” чокусунун аймагы экени аныкталган.

7-8-ноябрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эдельвейс” тоо-издөө отряды тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок азырынча натыйжа чыккан эмес. Учурда өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктоо жана табуу максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы тиешелүү кызматтарга багыттамалар жөнөтүлүп, издөө иш-чаралары улантылууда.

Чүй ОИИББ жарандардан дайынсыз болуп жаткан өспүрүм тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар болсо, төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кабарлоону өтүнөт: 102 же 0312 43-88-85.

Издөө иштеринин жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет.
SEREP MEDIA