Хантавирус: эмнени билүү маанилүү жана өзүбүздү кантип коргошубуз керек?
Ушуайя (Аргентина) — Жашыл Булуң (Зелёный Мыс) аралы (Кабо-Верде) каттамы менен бара жаткан MV Hondius круиздик лайнериндеги хантавирус инфекциясынын чыгуусу жөнүндөгү эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) маалыматтарына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматтары боюнча, өлкөдөгү жугуштуу оорулар жаатындагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу сакталууда, күн сайын жүргүзүлүүчү режимде мониторинг улантылууда. Адистердин баалоосу боюнча, Кыргыз Республикасына хантавирус инфекциясынын сырттан келүү тобокелчилиги өтө төмөн, калк жана туристтер үчүн коркунуч жок.
Дүрбөлөңгө түшүү үчүн себеп жок: көпчүлүк адамдар үчүн жуктуруп алуу тобокелчилиги төмөн боюнча калууда, ал эми жөнөкөй алдын алуу чараларын көрүү жуктуруп алуу ыктымалдуулугун натыйжалуу азайтууга мүмкүнчүлүк берет.