Курулушу кечеңдеген компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейт
4-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктай албай жаткан 31 курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жыйын өттү.
Жыйында жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде курулушу кечеңдеп жаткан объектилердин абалы каралды. Министр ар бир объекттин курулуш этабын өз-өзүнчө карап чыгып, компания өкүлдөрүнөн иштин жүрүшү жана белгиленген мөөнөттө аяктабай жатышынын себептери боюнча маалымат алды. Нурдан Орунтаев министрликтин тиешелүү департаменттерине курулуш объектилерин белгиленген мөөнөттө бүтүрбөй жаткан компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат бербөө тапшырмасы берилди. Ошондой эле, инспекторлорго курулушу бүтпөй жаткан объектилерди тыкыр көзөмөлдөө талабы коюлду. Мындан сырткары, айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу материалдар министрлик тарабынан укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Министр курулуш компаниялары биринчи кезекте өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарып, жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезиши керектигин белгиледи. Негизги максат — курулушу кечеңдеп, батирлерин ала албай жаткан жарандардын турак жай маселесин чечүү.
Буга чейин министрдин буйругу менен курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, үлүштүк катышуу келишимдерин түзүүгө, жарандардын жана юридикалык жактардын каражаттарын тартууга, ошондой эле объектилерди жарнамалоого тыюу салынган.