Abank_nov
SerepTV Logo

Түп-Кеген унаа жолунда кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жетти

Түп-Кеген унаа жолунда кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жетти
 
Бүгүн, 16-ноябрда саат 09:30га карата Түп-Кеген унаа жолунда кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда аталган аймакта кар жаап, кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жетти.

Ал эми министрликтин жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана унаалардын коопсуз өтүүсүн камсыздоо иштерин түнү менен улантууда. Каттам бар. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты азайтууга жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
SEREP MEDIA