Abank_june
SerepTV Logo

Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
 
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260-274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, кум-шагыл аралашмасы жолго чыгып, жол убактылуу жабылды.

Учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникаларды тартып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. 

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2-6-июнь күндөрү өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат. Ушуга байланыштуу айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөбүз.