Abank july
SerepTV Logo

Токой кызматы Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүнө жооп кылды

Токой кызматы Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүнө жооп кылды
6-августта Сыймык Жапыкеев тарабынан Жети-Өгүз токой чарбасынын Көк-Жайык жайлоосуна байланыштуу Инстаграмм баракчасында жарыяланган жайлоодогу абал тууралуу билдирүүсүнө карата Токой кызматы маалыматы таратты.

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы №330 токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын оозеки тапшырмасына ылайык, Көк-Жайык жайлоосуна баруучу жол жабылып, жайлоонун аймагында авто жана мототранспорт каражаттарынын жүрүшүнө тыюу салынган. Жайлоого жөө жүргөн туристтерге гана кирүүгө уруксат берилет. Себеби акыркы мезгилдерде жайлоонун ичинде атайын жолдордун жана эскертүү белгилеринин болгонуна карабастан, жергиликтүү жана сырттан келген автотуристтер автоунаалары менен жолдон чыгып, жашыл шалбааларды чаржайыт тебелеп жүрүшкөн. Ошондой эле тоо туризминин шылтоосу менен тоо мотоциклдери жана квадроциклдер аркылуу жашыл шалбааларга зыян келтириле баштаган. Ушуга байланыштуу жолду жабуу чечими кабыл алынган.

Учурда жашыл шалбаалар калыбына келип, жаратылыш өзүнүн көркүнө кайтарыла баштады. Ошол эле учурда туристтердин жайлоого келишине ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү эс алуучулардын жана ижарачылардын жүктөрүн жайлоонун ичинде ташып жеткирүү, ошондой эле улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кызмат көрсөтүү максатында Жети-Өгүз токой чарбасы тарабынан 2 даана мотороллер жана 1 даана УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа пайдаланылууда.
Сырттан келген жана жергиликтүү жөө туризм менен алектенген эс алуучулар үчүн 200 автоунаага ылайыкталган атайын автоунаа токтотуучу жай уюштурулган.

Бүгүнкү күндө ижарачылар жана эс алуучулар тарабынан бул тартипке карата каршылыктар же түшүнбөстүктөр катталган жок.