Тимур Файзиев "Асман" шаарынын курулушун жетектей турганын жар салды
«Elite House» курулуш компаниясынын башчысы Тимур Файзиев Ысык-Көлдө курулат деп айтылган болочоктогу Асман шаарын тургузуу боюнча өкмөттүн алдындагы дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"Бул 1 миллион кишиге ылайыкташкан жаңы эко-шаар болот. Инвесторлордун бир канча тобу менен иштешип жатабыз. Яхталар, көлдүн жээктери, лыжа спорту, бүт дүйнө үчүн олимпиадалык кыштак, Диснейлэнд... Заманбап шаардын долбоорунун баасы - 10-20 миллиард доллар. Айрым адамдар мындай акчаны Кыргызстанга тартып келүүгө мүмкүн эмес деп ойлошот. Бирок биз азыр Кыргызстанга 100 миллиард доллар тартып келүү боюнча өкмөттө стратегия иштеп чыгып жатабыз", - дейт Файзиев.
data-instgrm-version="14">
Посмотреть эту публикацию в Instagram