Abank_oct
SerepTV Logo

Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты

Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты

Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү Instagram социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Роза Айтматова физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери жана коомдук ишмер болгон.

Ал Маяковский атындагы Кыргыз аялдар педагогикалык институтун бүтүрүп, Кыргыз ССР Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген. Кийин жогорку окуу жайда сабак берген. Физика жана педагогика боюнча илимий эмгектери жарык көргөн.

Роза Айтматова үй-бүлөсүнүн тарыхын сактоого да чоң салым кошкон. Ал жээни Асан Ахматов менен биргеликте 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыгы болгон атасы Төрөкул Айтматовдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун балалык чагына арналган «Тарыхтын ак барактары» аттуу китепти жазган.

Роза Төрөкуловна өмүрүнүн маанилүү бөлүгүн аялдардын укуктарын коргоого арнаган. 1996-жылы кесиптештери менен биргеликте «Аялдарга жардам берүү борбору» коомдук уюмун негиздеген.

SEREP MEDIA