Abank
SerepTV Logo

Таласта сууга чөгүп кеткен классташ кыздар. Милиция аталган аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди

Таласта сууга чөгүп кеткен классташ кыздар. Милиция аталган аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди
Милиция Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына барып, сууга чөгүп кетпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти. "Бакай-Атада дайыма милициянын көчмө кабылдамасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, табличкаларды, эскертүүлөрдү илип турушат", - дешти облустук милициядан.
  • ӨКМга Талас каналына 24-июнда 14 жана 13 жаштагы 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 25-июнда саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсүнүн жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Ал эми 2009-жылы туулган кызды кечинде саат 17:30 чамасында жергиликтүү тургундар Миң-Булак айылынан табышкан. 25-июнда алар жерге берилген.