“Талас-Арена” стадионунун ачылыш аземи өттү
Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда Талас шаарындагы жаңы “Талас-Арена” борбордук стадионунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы эл аралык талаптарды эске алуу менен курулган стадиондун тышкы жана ички инфраструктурасы менен таанышып, машыгуу талааларын жана кичи футбол аянтчаларын көрүп чыкты. Ошондой эле мамлекет башчысына жаш футболчу кыздардын көрсөтмө оюндары көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, “Талас-Арена” стадиону таластык “Азия” футбол клубунун машыгуучу стадиону болот. Иш-чаранын жүрүшүндө көп сандаган көрүүчүлөр үчүн ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду. Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, стадиондун курулушу Талас облусунда футболду өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болгонун айтты. Мамлекет башчысы стадионду “Азия” клубунун башкаруусуна өткөрүп берүү жана машыгуулар үчүн пайдаланууга берүү аймактагы футболдун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним артты.
Президент Садыр Жапаров “Азия” клубунун негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановго аймакта футболду өнүктүрүүгө багытталган демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, ага символикалык түрдө топ жана автобустун ачкычын тапшырды. Иш-чара “Азия” жана “Талант” клубдарынын ортосундагы футболдук беттеш жана салют менен аяктады.