Abank july
SerepTV Logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги бюджеттик гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча маалымат таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги бюджеттик гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча маалымат таратты
 
Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардамдын жогорку сапатын камсыз кылууну, бюджеттик каражаттарды ачык-айкын жана натыйжалуу пайдаланууну, ошондой эле мыйзам талаптарынын так сакталышын камсыздоону өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири катары карайт.
 
Башкы прокуратура тарабынан жарыяланган маалыматка байланыштуу министрлик жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында укук коргоо органдары менен толук кызматташып жатканын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бардык зарыл маалыматтарды берип жатканын билдирет. Бүгүнкү күндө бюджеттик гемодиализ программасы саламаттык сактоо системасындагы эң ири социалдык программалардын бири болуп саналат. Учурда мамлекеттин эсебинен 4 714 бейтап өмүр үчүн зарыл болгон бөйрөктү алмаштыруучу терапияны алып жатат. Ар бир бейтап жумасына үч жолу гемодиализ процедурасынан өтөт. Бир процедуранын баасы 6 500 сомду түзөт.
 
Бейтаптарды бюджеттик программага киргизүү медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Арыздар адистештирилген комиссия тарабынан жума сайын каралып, орточо эсеп менен 15тен 25ке чейинки жаңы кайрылуу талкууланат. Акыркы бир нече жыл ичинде бюджеттик гемодиализ алуу боюнча кезек күтүү болгон эмес. Комиссиянын оң корутундусу чыккандан кийин бейтап дароо маалымат базасына киргизилип, бош орундар бар болгон учурда каалаган медициналык борбордон гемодиализ кызматын ала алат.
 
Министрлик көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына көзөмөл жүргүзүү механизмдерин, бейтаптарды эсепке алуу системасын жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун мындан ары да өркүндөтүүнү улантат. Бул чаралар системанын ачык-айкын иштешин камсыздоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.