Мугалимдер мектептеги оңдоп-түзөө иштерине тартылбайт
Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин оңдоп-түзөө иштерине, өзгөчө жайкы эс алуу мезгилинде тартууга тыюу салынарын билдирет.
2025-2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 млн сом каралган. Буга чейин каражат негизинен курулуш материалдарын жана товарларды сатып алууга бөлүнүп келсе, эми утурумдук оңдоп-түзөө иштерин аткаруучу кызматтарга да каралган. Бул багытта министрлик тарабынан бардык аймактык бөлүмдөргө расмий кат жөнөтүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганы эскертилет. Мындай аракеттер мыйзам талаптарына каршы келет.
Министрлик мугалимдердин негизги милдети — окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин баса белгилейт.