Abank
SerepTV Logo

Москвада «Данакер энелер» аттуу иш-чара өттү

Москвада «Данакер энелер» аттуу иш-чара өттү

Москва шаарында «Ак нур» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган Президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Энелер – уңгужолду утурулап» аттуу «Данакер энелер» маданий иш-чарасы болуп өттү. Ага Кыргызстандан жана Россияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага Кыргызстандан келген делегациянын курамында Манас коомунун жетекчиси Гүлназ Алиева, белгилүү манасчылар, анын ичинде Гиннес рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков, ошондой эле төкмө акын Азамат Болгонбаев жана башка коноктор болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү — миграция бөлүмүнүн кызматкери Жаркынай Галиева, элчинин кеңешчиси Гүлбарчын Сулайманова катышты.

Мындан тышкары, Москвадагы аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү Турдалы Орозбаев, Раим Арзыматов, Кыргыз аялдар кеңешинин төрайымы Сонунбу Карабаева, «Кыргыз Биримдиги» аялдар комитетинен Токтокан Маматаипова, «Творим добро» коомдук бирикмесинен Бурулча Төрөбекова жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген коомдор — Ош, Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Кадамжай, Ноокат, Кара-Кулжа, Лейлек, Нарын, Талас, Ысык-Көл өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында ар бир коом өзүнө тиешелүү улуттук салт-санааларды көрсөтүп, нарк-насил, «Уңгу жолу» жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» концепциялары боюнча лекциялар уюштурулду. Катышуучулар элечек кийүү, калпак жасоо, чач өрүү, камчы тууралуу баяндар менен бөлүшүп, «кыз көчүрүү» сыяктуу салттарды сахналаштырды. Ошондой эле Уркуя жана Курманжан датканын образдары көрсөтүлдү. лейлектиктер «байбиче көтөрүү» салтын тааныштырышты.

«Данакер энелер» кыймылы Москвадагы кыргыз аялдарын бириктирүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул иш-чара акыркы үч жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Майрамдын жүрүшүндө энелерге коомго кошкон салымы, кыргыздын нарк-насилин сактап, кийинки муунга өткөрүүдөгү эмгеги үчүн ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды. Бардык катышуучуларга жоолуктар белек катары берилди.

Иш-чарада манасчылар Рысбай Исаков, Кубаныч Чотуров жана Ишенбай агай «Манас» эпосунан үзүндү айтып беришти.

Ошондой эле «Данакер энелерге» мамлекеттик органдардан — министрликтен, Жогорку Кеңештен жана жергиликтүү администрациялардан мактоо баракчалары ыйгарылды.