Abank july
SerepTV Logo

Министр: "Бардык май куюучу жайлар иштеп, эч кандай чектөөлөр болбошу керек"

Министр: "Бардык май куюучу жайлар иштеп, эч кандай чектөөлөр болбошу керек"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилери менен жолукту. 

Отурумда негизинен өлкөгө мунай заттарын импорттоо боюнча түзүлгөн жаңы келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктордо күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча түзүлүп жаткан жалпы кырдаал каралды. Ошондой эле, компания жетекчилери өздөрүнүн кампаларындагы мунай продуктуларынын коруктарынын өлчөмү жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. 

Талкуунун соңунда Эрлист Акунбеков өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо максатында мамлекеттик субсидия убагында берилип жатканын, ошол себептүү компаниялардын аймактардагы бардык май куюучу жайлары толук кандуу иштеп, эч кандай чектөөлөр болбошу керектигин билдирди. 

Аны менен катар мунай продуктуларын импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү жана алардын аткарылышын ыкчамдатуу, абалга байланыштуу аткарылып жаткан жалпы иштерди жана мониторингди күчөтүү сыяктуу бир катар протоколдук тапшырмалар тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди.