Abank_june
SerepTV Logo

Мас абалында транспорт каражатын башкаруу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Мас абалында транспорт каражатын башкаруу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү
Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын алкоголдук же баңгизаттык мас абалында башкаргандыгы үчүн, ошондой эле оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле Жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алууга багытталган. Мыйзамга ылайык, мас абалында транспорт каражатын кайрадан башкаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн айып пул же бир жылга чейин эркинен ажыратуу, ошондой эле транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу каралган.

Мас абалында жол кырсыктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Адамдардын ден соолугуна оор залал келтирилген же адамдар каза болгон учурда күнөөлүү тарап узак мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эң оор кесепеттер үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзам ошондой эле жол эрежелерин бузуу менен байланышкан бир катар кылмыштар үчүн транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө милдеттүү кошумча жазаны белгилейт. Мындан тышкары, мас абалында оор жол кырсыктарын жасаган адамдарга сынактык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгү алынып салынат.

Айдоочулук күбөлүгү алынгандыгына карабастан транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн жоопкерчилик өзүнчө күчөтүлдү. Бул үчүн 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралган.

Ички иштер министрлиги эскертет: мас абалында транспорт каражатын айдоо адамдардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келген оор жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири болуп саналат. Ар бир айдоочу жолдогу коопсуздук үчүн жеке жоопкерчиликти өзүнө алат. Жол кыймылынын эрежелерин сактоо, мас абалында транспортту башкаруудан баш тартуу жана жол кыймылынын башка катышуучуларына урмат көрсөтүү адамдардын өмүрүн сактап калуунун жана коомдук коопсуздуктун кепилдиги болуп саналат.