Кыргызстандык окуучулар математикалык олимпиадада 5 медаль утуп алышты
3-8-май күндөрү Грециянын Салоники шаарында 43-Балкан математикалык олимпиадасы (BMO 2026) болуп өттү. Олимпиадага 25 өлкөдөн 148 окуучу катышты. Жыйынтыгында 6 окуучудан турган Кыргызстандын командасы 5 коло медаль жеңип алды.
Катышуучулардын жыйынтыгы:
1. Мусаходжаев Султан — коло медаль, «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу.
2. Акимов Ариет — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу.
3. Саят Арлан — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу.
4. Акенеев Тимур — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.
Машыктыруучулары: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол.
5. Дооронбеков Нурахмед — коло медаль, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу.
Машыктыруучусу: Байбаев Сусарбек.
6. Тологонов Даниель — катышуучу, Купуев академиясынын 9-классынын окуучусу.
Машыктыруучусу: Абдураимов Шумкарбек.
Команданын жетекчилери: Асанкадыров Айдин, Абдураимов Шумкарбек.
Кыргызстан бул олимпиадага сегизинчи жолу катышууда. Буга чейин Кыргызстан командасы жалпы 17 медаль уткан, алардын 14ү 2024-2026-жылдар аралыгында алынган. Балкан математикалык олимпиадасынын максаты — математика жаатындагы таланттуу окуучуларды колдоо жана өнүктүрүү, катышуучу өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүү, ошондой эле Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярдык көрүү болуп саналат.