"Көчмөндөрдүн жери болгон Кыргызстанга кош кел". «Dbillions» мекенге чакырган видео жарыялады
Кичинекейлер сүйүп көргөн «Dbillions» Youtube-каналы "Көчмөндөрдүн жери болгон Кыргызстанга кош кел" деген аталыштагы видео жарыялады.
"Бүт дүйнөдөгү биздин бардык досторго салам! Сиздер дайыма Ча-Ча, Чики, Ля-Ля жана Бум-Бум каяктан экендигине жана кайда жашарына кызыгып келгенсиздер. Алар Кыргызстандан! "Кыргызстан боюнча саякат кылуу тууралуу влог" деген саундтректен биздин мекенибиздин кереметин сезиңиздер" деп жазылат видеодо.
Ошондой эле аталган Youtube-каналдын катталуучуларынын саны 30 миллионго жеткени кабарланган.