Abank july
SerepTV Logo

Каракол суусуна аккан экспедициялык автоунаадан эки адам куткарылды

Каракол суусуна аккан экспедициялык автоунаадан эки адам куткарылды
5-август күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркында "Экстрим тур" туристтик компаниясынын "Урал" үлгүсүндөгү туристтерди ташуучу 2 унаасы Каракол суусун кечип өтүүгө аракет кылууда суу агызып, таштарга такалып өтө албай калган.
 
Жерине Каракол шаардык N15 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, унаадан 1964-жылы туулган К.И. аттуу эркек жана 1985-жылы туулган И.О. аттуу аял кишини экскаватордун жардамында куткарып чыгышкан. Жарандардын абалы туруктуу. Ал эми унааларды аталган туристтик компания өзүлөрү техниканын жардамында чыгарып ала тургандыгын билдиришкен.