Каракол-Эңилчек унаа жолунун жээгин суу жеп кетти
Такталган маалымат боюнча, саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Каракол-Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымында жолдун жээгин суу жеп, Маман айылынын 4 турак үйдүн Отуз-Уул айылынын 3 турак үйдүн жана Үч-Кайнар айылынын 4 турак үйүнүн короо жайларын суу каптаган.
Учурда суу каптоо кесепеттерин жоюу иштерине Жарандык коргонуу кызматынан 1 экскаватор, 2 трактор (боронорез), Чайна роуд жол куруу компаниясынан 1 экскаватор тартылган. Маман айылында 2 экскаватор, Отуз-Уул айылында 1 трактор (боронорез), Үч-Кайнар айылында 1 трактор (боронорез) иш алып барууда. Башкармалыктан ыкчам топ 4 куткаруучу жана Ак-Суу районунун ӨКБдан 5 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 12 кызматкер тартылган.