"Качандыр бир кезде сен жападан жалгыз жашооң тууралуу ойго чөмүлөсүң". Алексей Филатовдун өмүр баяны
"Качандыр бир кезде сен жападан жалгыз жашооң тууралуу ойго чөмүлөсүң". Дал ушундай сөздөр менен алпаруучу Алексей Филатовдун соцтармактагы баракчасына жарыялаган акыркы билдирүүсүндө жазылат.
"Качандыр бир кезде сен жападан жалгыз жашооң тууралуу ойго чөмүлөсүң. Сен убакыттын зымырык куштай учканын түшүнөсүң, селт эте түшөсүң, бирок дагы эч нерсе кылбайсың. Сен азыр 15 жаштасыңбы? 20? Же 28десиңби? Суткада 24 саат бар. Ар бир таң терезеңден кирген жылуу нурдан башталат. Бирок сен мектеп, колледж, ишке барышым керек деп наалыйсың.
Ойгон. Сен бир жолу мектепте окуйсуң. Жашооңдо бир эле жолу кайсы бир окуяларга бейкапар болосуң, кийин алар мааниси зор болот жана сага жана чөйрөңө чоң таасирин тийгизет.
Күлкү. Биринчи жактыруу. Кубаныч. Жолугушуулар. Сабактан качуу. Кеч. Жай. Сенин жашооң кайда шашып бара жатат? Ойлон. Көз ирмемдерди баала. Эч качан кайтып келбей тургандай жаша. Анткени сен бир эле жолу 15 жашка, 20 жашка чыгасың..." - деп жазылат билдирүүдө.
data-instgrm-version="13">
Посмотреть эту публикацию в Instagram