Abank
SerepTV Logo

Эртең Бишкекте аялдардын эркиндигин колдогон митинг өтөт

Эртең Бишкекте аялдардын эркиндигин колдогон митинг өтөт
Эртең, 15-июнь күнү Ак Үйдүн жанында аялзатынын укугун коргоочулар митингге чыгат. 9-июнь күнү жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18-20 жашка чейинки турмушка чыга элек кыздарды жалгыз Кыргызстандан чыгарбоо керектигин айтып чыккан. Митингдин уюштуруучулары Атазовдун сунушун кыздардын эркиндигин чектөө катары баалап, нааразычылык акциясына чыгышарын билдиришкен. Белгилей кетсек, 10-июнда да Шайлообек Атазовдун мандатын тапшырышын талап кылгандар Ак Үйдүн жанында акция өткөрүшкөн.