Abank_june
SerepTV Logo

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жаңы башкы директору жамаатка тааныштырылды

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жаңы башкы директору жамаатка тааныштырылды
Бүгүн, 29-июлда Энергетика министрлиги «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун эмгек жамаатына компаниянын жаңы дайындалган башкы директору — Мамыралиев Улугбек Таалайбековичти тааныштырды. Иш-чарага энергетика министринин кеңешчиси Курсантбек Өмүрбеков, «Электр станциялары» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Кубан Мырзаканов, компаниянын жетекчилиги жана эмгек жамааты катышты.

Жыйындын жүрүшүндө энергетика министри Алтынбек Рысбековдун атынан сөз сүйлөгөн министрдин кеңешчиси жаңы жетекчинин алдында турган негизги милдеттерге токтолду. Ал Улугбек Мамыралиевдин энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын, ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда топтогон кесиптик билимин жана жетекчилик багытындагы ишмердүүлүгүн белгиледи. Курсантбек Өмүрбеков «Электр станциялары» ААК өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ болгон стратегиялык ишкана экенин белгилеп, компаниянын алдында генерациялык объектилердин туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, өндүрүштүк потенциалды бекемдөө, ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү сыяктуу маанилүү милдеттер турганын айтты.

Жаңы башкы директорго компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, энергетикалык объектилердин ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, тармактын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча бир катар жооптуу тапшырмалар коюлду.

Өз кезегинде «Электр станциялары» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Кубан Мырзаканов жаңы жетекчиге чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын белгилеп, анын кесипкөйлүгүнө жана тажрыйбасына ишеним артарын билдирди. Ошондой эле ал Улугбек Мамыралиевге алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууну, компаниянын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана иштин натыйжалуулугун арттырууну каалады.

Жаңы дайындалган башкы директор Улугбек Мамыралиев көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, «Электр станциялары» ААКнын туруктуу иштешин камсыз кылуу, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө жана компаниянын алдына коюлган стратегиялык максаттарды ишке ашыруу багытында бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.