Abank
SerepTV Logo

ЕАЭБде жүк ташуучу унаалар үчүн бирдиктүү талаптар күчүнө кирди

ЕАЭБде жүк ташуучу унаалар үчүн бирдиктүү талаптар күчүнө кирди

2026-жылдын 17-майынан тартып Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин евразиялык транспорттук коридорлорго кирген автомобиль жолдорунда жүрүүчү транспорт каражаттарынын уруксат берилген массалары, октук жүктөмдөрү жана габариттери жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирди.

«Бул Макулдашуу транспорттук чыгымдарды азайтууда жана жүк агымдарын натыйжалуу тейлөөдө маанилүү роль ойнойт», — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

Мындайча айтканда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги 14 миң чакырымдан ашуун автомобиль жолдорунун технологиялык биримдиги камсыздалууда.

Буга чейин салмактык жана габариттик талаптардын айырмачылыгынан улам ташуучулар жүктү оптималдуу көлөмдө жүктөөдөн баш тартууга аргасыз болушкан. Эми бизнес өкүлдөрү товар партияларын бөлбөстөн жана жүктүн бир бөлүгүн башка транспорт каражатына которбостон евразиялык транспорттук коридорлор аркылуу жүк ташууну ишке ашыра алышат.

Ошондой эле, эгерде мамлекеттердин биринде салмактык жана габариттик талаптар төмөн болсо, мурда талап кылынган кошумча атайын уруксатты алуу зарылдыгы да жоюлду.

Макулдашуунун күчүнө кириши Биримдиктин ички рыногундагы дагы бир тоскоолдукту жоюуга жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүгө жакындатты.

Соода агымдарынын кайра бөлүштүрүлүшү жана дүйнөлүк туруксуздук шарттарында Евразия экономикалык комиссиясы ташууларды ыкчам, коопсуз жана технологиялык жактан заманбап кылууга мүмкүндүк берген туруктуу транспорттук тармакты түзүү боюнча иштерди улантууда.