Abank
SerepTV Logo

Чубак Жалиловго “Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Чубак Жалиловго “Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды
 
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Жалилов Чубак Тажибаевичке «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).