Abank
SerepTV Logo

Чүй милициясы жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу эскертет

Чүй милициясы жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу эскертет
20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаап, жолдор тайгак болуп, сел жүрүшү ыктымал. Ошол себептен унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл.
Ушуга байланыштуу айдоочуларга төмөнкүдөй сунуштар берилет:
• белгиленген ылдамдык режимин сактоо жана унаалардын ортосунда коопсуз аралыкты кармоо;
• кескин манёвр жасоодон, капыс тормоздоодон жана ашып өтүүдөн алыс болуу;
• жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын, өзгөчө тормоз системасын, жарык берүүчү шаймандарды жана айнек тазалагычтарды текшерүү;
• мүмкүн болушунча аба ырайы турукташканга чейин алыс сапарларга жана тоолуу аймактарга чыгууда убактылуу кармана туруу.
Ошондой эле Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жөө жүргүнчүлөрдү жолдон өтүүдө өзгөчө этият болууга, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана караңгы убакта же көрүнүш начар шарттарда жарык кайтаруучу элементтерди колдонууга чакырат.