"Чаң соргучту колдонбоңуз!". Градусник сынса эмне кылуу керек?
ӨКМден градусник сынса эмне кылуу керектигин жана сымапка уулануунун белгилерин айтып беришти.
Бөлмө ичинде градусник сынып, сымап майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда, эң биринчи кадам бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз.
Сымап затына уулануунун белгилери:
- Адам сымапка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;
- Алсыз болуу;
- Табиттин жоголушу;
- Баш оору;
- Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;
- Ооз көңдөйүнүн канашы;
- Ич оруу;
- Көңүл айнуу, кусуу;
- Ич өтүү;
- Шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз. Саламаттыгыңызга өз убагында кам көрүңүз.