Abank july
SerepTV Logo

Бишкектин Манас көчөсүндөгү жол өтмөктөрдү капиталдык оңдоо иштери уланып жатат

Бишкектин Манас көчөсүндөгү жол өтмөктөрдү капиталдык оңдоо иштери уланып жатат
 
Манас көчөсүндөгү (мурдагы Васильев трактындагы) жол өтмөктөрүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Объекттин тапшырыкчысы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы, ал эми подряддык уюм — «Рим и Ко» ЖЧКсы.
 
Долбоордун алкагында жол өтмөктөрдүн дубалдары жана колонналары заманбап HPL панелдери менен капталып, шып бөлүктөрү алюминий рейкалары менен жасалууда. Ошондой эле заманбап архитектуралык жарыктандыруу системасын орнотуу каралган. Учурда HPL панелдерин орнотуу, алюминий рейкаларын монтаждоо жана электр монтаждоо иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта объектти гранит плиталары менен каптоо иштери уланууда.
 
Жол өтмөктөрдү капиталдык оңдоо иштери Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыгып, бекитилген эскиздик долбоордун негизинде жүргүзүлүүдө.