Бишкекте үч жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтмөгү сыноо режиминде ачылды
Борбор калаада тургундар үчүн үч жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтмөгү ачылып, алар сыноо режиминде иштей баштады. Жаңы жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү төмөнкү даректерде жайгашкан:
Жибек-Жолу проспектисинде;
7-Апрель көчөсүндө;
Магистрал көчөсүндө.
Жаңы жол өтмөктөрүнүн ачылышы жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана жолду кесип өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Сыноо режиминде иштөө мезгилинде адистер өтмөктөрдүн иштешине жана аларды шаар тургундарынын колдонуу ыңгайлуулугуна баа беришет.
Борбор калаанын тургундарынан жол кыймылынын эрежелерин сактоону, жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүн колдонууну жана орнотулган жол белгилерине көңүл бурууну өтүнөбүз. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу — шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири.