Бишкек шаарынын ШКУнун саммитине даярдыгы боюнча мэр маалымат берди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шанхай кызматташтык уюмунун боло турган саммитине калаанын даярдыктары тууралуу маалымат берди.
Бүгүнкү күндө эл аралык иш-чарага даярдык көрүүнүн алкагында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, жашылдандыруу жана коомдук жайларды жаңылоо боюнча бир катар жумуштар аткарылууда.
«Манас» эл аралык аэропортунун аймагында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан узундугу 1,5 чакырым болгон альтернативдүү жол салынып, ошондой эле 600гө жакын унаа токтотуучу кошумча орундар уюштурулду.
Манас проспекти боюнча айланма жолду уюштуруу иштери улантылууда. Бул жерде ошондой эле илбирс эстелигин орнотуу пландалууда.
«Манас» эл аралык аэропортунан «Аска-Таш» комплексине чейинки тилкеде сырткы жарыктандыруу иштери аяктады. Бардыгы болуп 840 жарыктандыруу мамысы орнотулду.
Даярдыктын алкагында Манас көчөсү (мурдагы аталышы Васильевский тракт) – Түндүк айланма жол жана Манас – Дача-Суу унаа жолдорунун кесилишиндеги эки жол өтмөгү реконструкцияланды.
Ошондой эле Абдрахманов – Лев Толстой жана Манас проспекти – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөктөрдү реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы фонтан куруу, ошондой эле Абдрахманов жана Москова көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Алтын балыктар» фонтанын реконструкциялоо иштери улантылууда.
Мындан тышкары, Манас көчөсү боюнча жалпы узундугу 23 чакырымга жакын жолдун асфальт төшөлмөсү жаңыртылууда.
Ошондой эле жалпы аянты 15 миң чарчы метр болгон газон төшөө каралган жаңы сквердин курулушу жүрүп жатат.
Мэр саммитке даярдык көрүүнүн алкагында калаада сырткы жарыктандыруу тутумдары, имараттардын фасады, аялдама комплекстери, жол инфраструктурасы жана жашыл аймактар жаңыртылып жатканын белгиледи. «Бүгүн Бишкекте жүргүзүлүп жаткан иштер ШКУнун саммитине даярдык менен гана чектелбейт. Бул шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комплекстүү программанын бир бөлүгү. Шаар тургундары Бишкекти кооз жана заманбап көргүсү келет. Биз дагы конокторду татыктуу тосуп алгыбыз келет. Бардык иштер бир күндүн гана кызыкчылыгы үчүн жасалган жок. Саммит аяктагандан кийин түзүлгөн бардык инфраструктура борбор калаанын тургундарынын кызматында калат жана шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн бир бөлүгү болуп калат», — деди Айбек Жунушалиев.