Abank july
SerepTV Logo

Баткен районунда дарыяга түшүп кеткен жаран изделүүдө

Баткен районунда дарыяга түшүп кеткен жаран изделүүдө

Алдын ала маалымат боюнча, 10-август күнү саат 18:00 чамасында Баткен районуна караштуу Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылына караштуу Кожешкен жерлигинде 48 жаштагы эркек киши Кожо-Ашкан дарыясына сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 11-август күнү издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан жана ИИМден, жергиликтүү жашоочулардан жалпы 24 жаран, ал эми бүгүн, 12-август күнү кошумча издөө иштерин жүргүзүүгө Баткен району боюнча ӨКБнүн №106 ӨКБдан 11 куткаруучу, №26 ӨКБдан 5 куткаруучу, РӨКОнун №3 ӨИКОдан 9 куткаруучу, КР ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 жаран, ошондой эле ИИМден 2 даана, ӨКМден 1 даана, жалпы 3 даана дрон тартылды.

Учурда издөө иштерине кошумча күчтөр тартылып, үч багытта, тактап айтканда, Зардалы, Жылуу-Суу-Таян жана Ак-Турпак айылынын багыты боюнча жүргүзүлүүдө. Издөө иштерине катышкан кызматкерлерге Баткен РИИБдин жетекчилиги тарабынан тиешелүү нускамалар берилип, издөө иштери көзөмөлгө алынган.