Abank_nov
SerepTV Logo

Ашууларда кар: Оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Ашууларда кар: Оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
 
Бүгүн, 11-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жаан-чачын болуп жаткандыгына байланыштуу автожолдордо тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүүдө. Бишкек–Ош автожолунун 114-138 жана 198-209-чакырымдарында кар тазалоо, ошондой эле жолго кум-туз аралашмасын чачуу иштери аткарылууда. Каттам бар, жол ачык.

Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайынын шарттарына байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Чектөө 11-ноябрда саат 06:00дөн тартып Сосновка постунан баштап киргизилген.

Өтмөк ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда жол ачык, унаалардын каттамы камсыздалган. Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун 60-чакырымындагы “Алим” оор жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жайынан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми Боом капчыгайында жамгыр жаап жатат. Жолдор таза, каттам бар.

Жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аба ырайын эске алып, жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты азайтууга жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
SEREP MEDIA