Бишкекте 10 айда 23 миңден ашык бак-дарак отургузулду
9-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардык муниципалитеттин жыйындар залында пландык кеңешме өттү. Анда «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын 10 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана күзгү жашылдандыруу иштеринин жүрүшү каралды.
Отчеттук мезгил ичинде борбор калаада 23 232 даана бак-дарактын көчөтү жана 2 138 252 даана бир жылдык гүл отургузулган. Ошондой эле 110 миң бак-даракты дарылоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, куураган жана авариялык абалдагы бак-дарактарды алуу, дүмүрлөрдү казып чыгаруу, көчөлөрдү жана проспекттерди жашылдандыруу иштери аткарылган. Шаардык көчөт питомнигинин ишмердүүлүгүнө, парктарды жана скверлерди реконструкциялоого, жер кыртышынын деңгээлин жөнгө салууга, сугарууну уюштурууга, сугат тармактарын курууга жана тейлөөгө, сугат арыктарын жаңылоого, ошондой эле автоматташтырылган сугаруу системаларын орнотууга өзгөчө көңүл бурулду.
Кеңешменин жүрүшүндө мэр Айбек Жунушалиев борбор калааны жашылдандыруу боюнча ыкмаларды кайра карап чыгып, шаар аймактарынын көркүн бир нече мезгил бою сактоого мүмкүндүк берген көп жылдык гүл өсүмдүктөрүн кеңири пайдаланууну тапшырды. Ошондой эле Бишкектин климаттык шарттарына ылайыктуу бак-дарактардын жана гүлдөрдүн түрлөрүн тандоо тапшырылды. Атап айтканда, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп, бир көчөгө негизинен бир түрдөгү бак-дарактарды отургузуу аркылуу бирдиктүү архитектуралык жана эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу сунушталды. Мындан тышкары, мэр шаарды жашылдандырууга бизнес өкүлдөрүн тартуу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. Бул багытта ар бир ишкана борбор калаанын климаттык шарттарына ылайыктуу, бийик бойлуу жалбырактуу кеминде беш бак-дарак отургузуусун караган демилге сунушталууда.
Жаңы отургузулган көчөттөрдү сугаруу маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. Мэр бак-дарактарды отургузууда аларды мындан ары багууга жана өз убагында сугарууга зарыл шарттардын болушун милдеттүү түрдө эске алууну тапшырды. «Быйыл биринчи жолу шаардык бюджеттен көчөттөрдү сатып алууга 500 миллион сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Буга чейин борбор калааны жашылдандырууга мынчалык көлөмдө каражат жумшалган эмес. Бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланып, отургузулган ар бир бак-дарактын сакталышын камсыз кылуу зарыл», — деп белгиледи Айбек Жунушалиев.