Abank_oct
SerepTV Logo

Аскер прокуратурасы «Байтик» метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имараттын буздурулушун камсыз кылды

Аскер прокуратурасы «Байтик» метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имараттын буздурулушун камсыз кылды
 
Аскер прокуратурасы мыйзам бузууларды аныктоо жана четтетүү, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жер пайдалануу жана курулуш чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.

Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз имарат курулгандыгы аныкталган. Аталган курулуш иштери Ала-Арча дарыясынын өзгөчө коргоо режими белгиленген суу коргоо зонасында жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри Бообек Ажикеев кылмыш жоопкерчилигине тартылып, мамлекетке келтирилген 7 миллион 650 миң сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлгөн. Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун чечиминин негизинде мыйзамсыз курулган имарат Архитектуралык-курулуштук контролдоо мамлекеттик департаментинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда буздурулду.
SEREP MEDIA