«Аска-Таш» мемориалдык комплексиндеги оргумаларды оңдоо жана аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Фучик көчөсүндө жайгашкан «Аска-Таш» мемориалдык комплексиндеги фонтандарды оңдоо жана аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда. Аталган иштер Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында фонтандарга комплекстүү оңдоо жүргүзүлүп, ички жана тышкы инженердик тармактар толугу менен алмаштырылууда. Ошону менен катар аймакты көрктөндүрүү иштери аткарылып, таман таш төшөө, автоматтык сугаруу системасынын түтүктөрүн орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда объектте таман таш төшөө иштери уланууда. Оргумалардын чөйчөктөрү толугу менен бетондолуп, гранит менен капталууда. Курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында мемориалдык комплекстин инженердик инфраструктурасы жаңыланып, архитектуралык көрүнүшү жакшыртылып, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуш иштерин «Гранд Про» ЖЧКсы жүргүзүүдө.