"Аламүдүн" базарында жоголгон өспүрүм табылды
Бишкектин "Аламүдүн" базарында жоголуп кеткен 12 жаштагы Кутман Тулемишов табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБиден кабарлашты.
Бүгүн, 6-июль күнү дайынсыз болуп жаткан бала Ленин районунан табылды. Милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүм баланын коопсуздугу үчүн жакындары менен түшүндүрүү, профилактикалык иштери жүргүзүлдү. Учурда окуянын чоо-жайын териштирилип жатат.
1-июль күнү 12 жаштагы Кутман Тулемишовду издөөгө жардам сурап, агасы милиция бөлүмүнө кайрылган.