Abank_nov
SerepTV Logo

Ысык-Атада дайынсыз жоголгон 19 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда

Ысык-Атада дайынсыз жоголгон 19 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда
 
31-октябрда милицияга туугандары арыз менен кайрылып, 2007-жылы туулган Азим Жыргалбеков 28-октябрда Бишкек шаарындагы батирден чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен. Аталган факты каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө анын акыркы жолу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында достору менен жолукканы аныкталган. Ички иштер кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктоо жана табуу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
SEREP MEDIA