Abank
SerepTV Logo

Айыл чарба министринин орун басары: "Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда"

Айыл чарба министринин орун басары: "Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда"
«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев өлкөдөгү ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 3 млн сомдон ашуун каражатка алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, эмдөө, ветеринардык кароо жана мал-жандыктарды системалуу түрдө идентификациялоо иштери аткарылган. Натыйжада, өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда деди ал.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Таалайбек Сарыбашов, Алтынбек Кылычбаев жана Улугбек Ормонов аймактардын ветеринардык адистер менен камсыздалышы маселесин көтөрүштү. Ошондой эле алар мал-жандыктарга колдонулуп жаткан вакциналардын түрлөрүнө жана баасына көңүл бурушту. Депутат Гүлай Машрапова ветеринардык кызматтын сапаттуу жана өз убагында көрсөтүлүшүнө, ошондой эле анын калк үчүн жеткиликтүү баада болушуна байланышкан маселелерге токтолду. Ал министрликтин аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча кандай чараларды көрүп жатканын тактады.
Министрликтин өкүлдөрү жер-жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана калк үчүн тренингдер менен семинарлар өткөрүлүп жатканын билдиришти. Депутат Камила Талиева аймактарда мамлекеттик ветеринардык дарыгерлердин жетишсиздиги бар экенин белгилеп, мындан улам тургундар жеке менчик ветеринардык клиникаларга кайрылууга аргасыз болуп жатканын айтты. Ал мал-жандыктардын ооруларынын жайылышын алдын алуу үчүн комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Салтанат Аманова «Беккари чуңкурларын» эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылууга жана санитардык-экологиялык талаптардын сакталышына, ошондой эле мал союучу жайлардын ветеринардык-санитардык нормаларга жана стандарттарга шайкеш келишине өзгөчө басым жасады.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева вакциналардын аймактарга бөлүштүрүлүшүнө жана алардын сапатына кызыкты.
Депутаттык топтун жетекчиси Дастанбек Жумабеков Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде ветеринария, эпизоотиялык жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында системалуу реформаларды жүргүзүп, ишти так уюштуруу зарылдыгын белгиледи. Ал ветеринария тармагында туруктуу жана натыйжалуу башкаруу системасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.