30-июль - 1-август күндөрү “Тамчы” аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол маал-маалы менен жабылат
Алдыда 30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турмакчы. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Себеби ушул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө. Мындан сырткары, бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолгушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген.