Бишкекте быйыл да бий сынагы өттү. Парижге ким барат?
Кечээ, 2-августта заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатынын расмий тандоо туру — Fusion Concept Qualifier Kyrgyzstan 2026 өттү.
Ири мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 400дөн ашуун бийчи катышты. Жеңүүчүлөр сентябрь айында Париж шаарында өтө турган Fusion Concept дүйнөлүк финалында өлкөнүн намысын коргойт.
Чемпионаттын атайын коноктору катары дүйнөгө белгилүү бийчилер жана калыстар катышты. Алар:
Kanon Zouzoua, Mouina, Jin, Spider, Oma жана Jan Voinov.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле Flash UP Max компаниясынын колдоосу менен өткөрүлдү.
«Бул турнирдин негизги максаты — Кыргызстандагы таланттуу жаштарга дүйнөлүк аренада өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Биз жөн гана бий баттлын уюштурбастан, өлкөдө көчө бий маданиятын өнүктүрүүнү, жаштарды шыктандырууну жана кыргызстандык бийчилер Париждин жана дүйнөлүк көрүүчүлөрдүн сахнасына татыктуу экенин көрсөтүүнү көздөйбүз», — деди уюштуруучу Жан Воинов.
Бул иш-чара заманбап бий маданиятынын мыкты өкүлдөрүн, эл аралык деңгээлдеги калыстарды жана жүздөгөн көрүүчүлөрдү бириктирген жылдын эң ири бий окуяларынын бири болду. Сынакты Bogdan The Flava & Luka жеңди. Эми алар Парижге барышат.