Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мекемелердин жалпы кирешеси 2026-жылдын он айында 31 миллиард сомго жетти
Президент Садыр Жапаров президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды. Сыйлык тапшыруу учурунда мамлекет башчысы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча жоопкерчиликти Каныбек Туманбаевге жүктөгөнүн айтты. Президент анын уюштуруу иштерин жетектеп, эки иш-чаранын тең жогорку деңгээлде өтүшүн камсыз кылганын белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле өзүнүн тапшырмасы менен Каныбек Туманбаев бир катар ири курулуш долбоорлорун жетектеп жатканын айтты. Президенттин тапшырмасы менен президенттин Иш башкармалыгы «Ынтымак Ордо», «Ырыс-Ордо» жана «Бишкек Арена» объектилеринин курулушун аяктады. Жаңы Ош базары менен жаңы автобекеттин курулушу аяктоо алдында турат. Өлкө боюнча 81 миңден ашык ипотекалык батирдин курулушу уланууда. Мамлекет башчысынын колдоосу менен курулган «Бишкек Арена» эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө жол ачты. Аренада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын дүйнөгө таанытты. Андан кийин бул жерде дүйнөгө белгилүү өнөрпоздордун концерттери өтүп, чет өлкөлүк конокторду тартууга жана иш-чаралар туризмин өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мекемелердин жалпы кирешеси 2021-жылы 1 миллиард 15 миллион сомду түзсө, 2026-жылдын он айында 31 миллиард сомго жетти. Муну менен 32 миллиард сомдук жылдык пландын дээрлик 97 пайызы он айда аткарылды. Бул аралыкта президенттин Иш башкармалыгынын карамагына бир катар мекемелер өткөрүлүп, алардын кирешеси жалпы көрсөткүчкө кошулду. Ошол эле учурда мурда эле анын карамагында иштеп келген мекемелердин дээрлик бардыгында өз кирешеси өстү. Буга «Ала-Арча» жаратылыш паркы мисал боло алат. Парктын кирешеси 2022-жылы 51 миллион сомду түзсө, 2026-жылдын он айында 358 миллион сомго жетти. Бул аралыкта парктын туристтик инфраструктурасы жаңыланып, заманбап асма жол ишке кирди.
Быйыл президенттин Иш башкармалыгына караштуу акционердик коомдордон республикалык бюджетке дивиденд түрүндө 2 миллиард 200 миллион сом түштү. Мындан тышкары, караштуу уюмдардын өздүк кирешесинен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курулушун каржылоо үчүн 5 миллиард сом багытталды. Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болуп келген санаторийлер жана эс алуу жайлары Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлдү. Бул чечим көп жылдан бери жаңыланбай келген жайларды оңдоп, элге заманбап шартта кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
«Жыргалаң» менен «Ысык-Атада» калкты тейлөө шарттары жакшыртылды. «Улан» борборунда эс алуу, спорт менен машыгуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн шарттар түзүлдү. «Жети-Өгүздө» реконструкция жүрүп жатат. Алдыда жыл сайын эки-үчтөн объектти жаңылап, жарандар дарыланып, ден соолугун чыңдап, эс ала турган шарттарды түзүү пландалууда.