Президент Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.
Мамлекет башчысына акыркы беш жылда жергиликтүү бюджеттин көлөмү төрт эседен ашык көбөйүп, 2021-жылдагы 224 млн сомдон 2026-жылдын күтүлүп жаткан жыйынтыгы боюнча 947,6 млн сомго жетери маалымдалды. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,3 млрд сомдон күтүлүп жаткан 3 млрд сомго чейин өстү. Инвестициялардын көлөмү да кыйла көбөйдү: 2021-жылдагы 515,6 млн сомдон 2026-жылы күтүлүп жаткан 8,2 млрд сомго чейин жетти. Шаарда жалпы наркы 11,8 млрд сомду түзгөн бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды. Алардын катарында “Баластан” балдар оюн-зоок борбору, “Баатырлар” борбордук паркы, жаңыланган борбордук аянт, К. Нуржанов атындагы аллея, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактык филиалы жана “Акылман” президенттик лицейи бар.
Коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн Yutong үлгүсүндөгү 30 заманбап электробус сатып алынган. Ошондой эле “Талас Арена” стадиону, мини-футбол үчүн алты аянтча, асфальт-бетон заводу жана темир-бетон заводдору курулган. Социалдык чөйрөдө бул мезгил аралыгында 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, беш жаңы объект курулган. Жол жана коммуналдык инфраструктураны жаңылоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн. 2021–2026-жылдары республикалык бюджеттен жолдорду өнүктүрүүгө 2,08 млрд сом бөлүнгөн. Бул убакыт аралыгында 57,6 км жол асфальтталып, 62 км тротуар курулган.
Келечектүү долбоорлордун катарында 12 км узундуктагы жолдорду асфальттоо жана тротуарларды куруу, автобекетти реконструкциялоо жана заманбап муниципалдык автопаркты куруу, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системаларын мындан ары өнүктүрүү бар. Бул долбоорлордун жалпы наркы 1,1 млрд сомду түзөт.